Москва районундагы №28 кесиптик лицейдин жамааты спорттук мелдеште 1-орунга чыкты (сүрөт, видео)

Москва районундагы №28 кесиптик  лицейдин жамааты спорттук мелдеште 1-орунга чыкты (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы №37 кесиптик лицейде кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин 25-юбилейлик спартакиадасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Москва районундагы №28 кесиптик лицейдин директору Сагынбек Чагарбаев аймактык кабарчыга айтып берди.

«№37 кесиптик лицейдеги 25 жылдык мааракеге арналган спартакиадада биздин окуу жайыбыз өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтө алды. Анда спорттун волейбол, футбол, теннис, улуттук ордо жана тогуз коргоол түрлөрү боюнча беттешүүлөр өттү. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарга жетиштик. Ал эми жалпы командалык эсепте 1-орунду багындырдык.

Бул биз үчүн өтө жогорку сыймык. Анткени кесиптик лицейибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып кала берет. Спартакиаданын кубогун 3-жолу жеңип отурабыз. Эми кубок биздин окуу жайда биротоло калды», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up