Буденовка орто мектебинин сырты оңдоп-түзөөдөн өтүп, китепканасы иретке келтирилди (сүрөт)

Буденовка орто мектебинин сырты оңдоп-түзөөдөн өтүп, китепканасы иретке келтирилди (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айыл аймагында жайгашкан Буденовка орто мектебине 22-апрелде Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр, «TIКA» инвестиция фондунун жетекчилери келип, конок болуп кетишти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Миргүл Кайдулатова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган коноктордун жардамы менен мектептин сырты оңдолуп, китепкананын ичи иреттелген. «Эми алар мектептин 3-кабатын жана ашканасын оңдоого жардам берүүнү убадалашты. Жаңы акимибиз да материалдык, методикалык окуу куралдарды алууга жардам беребиз деген пикирин билдирди», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up