Нарындагы ашпозчулар окуучулардын тамагын оптималдаштырууну талкуулашты (сүрөт)

Нарындагы ашпозчулар окуучулардын тамагын оптималдаштырууну талкуулашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун А.Табалдиев атындагы орто мектебинде окуучулардын тамагын оптималдаштыруу максатында ашпозчулардын арасында семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Семинарга мектептерде иштеген ашпозчулар жана мектепте ысык тамак берүүгө жооптуу кызматкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ашпозчулар 5 топко бөлүнүшүп, техникалык картанын негизинде тамактын түрлөрүн жасап, өздөрүнүн чеберчиликтерин көрсөтүшүп, жасалган тамактарын жактап беришти. Эң мыкты тамак жасаган топторго райондук билим берүү бөлүмүнүн грамоталары тапшырылды.

Учурда Нарын районундагы 16 мектеп БУУнун «Азык-түлүк долбоору» менен иш алып барса, 4 мектеп «МерсиКо» уюму менен иш алып барууда. 2019-жылы долбоорго кирүү үчүн 6 мектеп даярдык көрүп, ашканаларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up