Нарындагы М.Бекмуратов мектебинин окуучулары алиппе менен коштошту (видео, сүрөт)

Нарындагы М.Бекмуратов мектебинин окуучулары алиппе менен коштошту (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунун М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде «Кош, алиппе» аттуу майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын алкагында окуучулар алган билимдери боюнча өнөрлөрүн тартуулашты. Ата-энелердин жана мугалимдердин алдында ар бир тамга боюнча ырларды айтышып, бийлерди аткарышты. Орус, англис тилдеринде да ыр ырдашты. Мындан тышкары, жомоктордогу жаныбарлардын ролдорун аткарышып, майрамды «Кара жорго» бийи менен жыйынтыкташты.

Аталган мектепке 1-класска 20 бала кабыл алынган. Аларды тажрыйбалуу мугалим Махабат Барктабасова окутту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up