Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин саны канча?

Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин саны канча?

Билим АКИpress - Кыргызстанда дүйнөнүн 49 өлкөсүнөн 15 миңдей студент билим алууда. Бул тууралуу 25-апрелде «Бир алкак – бир жол: XXI кылымдагы илим жана билим берүүнүн интеграциясы» аттуу эл аралык билим берүү форумунда БГУнун Кыргыз-Кытай факультетинин деканы, доцент Рахат Бейсебаев айтты.

Анын маалыматы боюнча, Кыргызстандын 20 миңдей жараны чет өлкөлөрдөгү университеттерде жана колледждерде окуп жатышат. 2019-жылга карата Кыргызстандын 3 миң студенти Кытайда, Кытайдын 355 студенти Кыргызстанда билим алууда.

15 миңге чукул Кыргызстандын студенти Россияда билим алып жатат. Ал эми Кыргызстанда Россиянын 1 миң 580 студенти окуйт.

Ошондой эл Кыргызстанда Казакстандын 5 миң студенти, Индиянын 2,4 миң студенти билим алып жатышат. Тажикстандын 1,5 миң студенти кыргызстандык жогорку окуу жайлардан билим алуу үчүн келишкен.

Кыргызстандан кеткен жана Кыргызстанга келген студенттердин жалпы саны — 35 миңге жакын.

«Бул санды көбөйтүү керек, бул «Бир алкак – бир жол» концепциясынын принциптерине ылайык келет», - деди Р.Бейсебаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up