Алтынай Мурзаева — Баткен облусундагы эң мыкты мугалим (сүрөт)

Алтынай Мурзаева — Баткен облусундагы эң мыкты мугалим (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткенде 24-25-апрель күндөрү «Жылдын мыкты мугалими - 2019» аттуу облустук сынак өтүп, жеңүүчүлөр Ысык-Көлдө акысыз эс алууга жолдомо алышты. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, сынакка Баткен облусунун район-шаарларынан жалпы 6 талапкер катышты. Ал эми сынак 6 бөлүк менен өтүп, жобого ылайык, мугалимдердин сабак өтүү чеберчилиги, предметтик жана педагогикалык тесттик билгичтиги, портфолио, кесиптик презентация, ыңгайсыз суроолор, хобби тапшырмалары бааланды.

Жыйынтыгында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам орто мектебиндеги гоеграфия мугалими Алтынай Мурзаева 1-орунду багындырды. Ал эми 2-орунду Сүлүктү шаарындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Муртазали кызы Айсырга жана 3-орунду Лейлек районундагы Кара-Булак орто мектебинин тарых мугалими камсыздашты.

Жеңүүчүлөр Баткен облустук профсоюз уюму тарабынан Ысык-Көлгө жайкы эс алууга жолдомо утуп, сыналгы менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up