Ноокаттык физик Астрагүл Сыдыкова Ош облусундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт)

Ноокаттык физик Астрагүл Сыдыкова Ош облусундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облусунда «Жыл мугалими-2019» кароо-сынагынын облустук туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, сынак Ош билим берүү институтунун буйругуна ылайык уюштурулуп, 2 күнгө созулду. Сынактын биринчи күнүндө райондордон жеңүүчү болгон 8 мугалимдин иш кагаздары, алардын чагармачыл сабактары көрсөтүлсө, экинчи күнүндө мугалимдердин чыгармачыл презентациялары, алардын ыңгайсыз жана педагогикалык суроолорго жооп берүүсү, ошондой эле ыңгайсыз кырдаалдардан чыгуу жөндөмдүүлүктөрү, ийрим менен иштөө чеберчиликтери бааланды.

Сынактын акыйкат жана адилет өтүшү үчүн иш кагаздарга өзүнчө, чыгармачыл сабактарга өзүнчө, ал эми сахналык турга өзүнчө калыстар курамы түзүлгөн.

Жыйынтыгында баш байгени Ноокат районундагы К.Каримов атындагы орто мектебинин физика мугалими Сыдыкова Астрагүл жеңип, «2019-жылдын мыкты мугалими» аталды. 1-орунду Кара-Суу районунун Д.Султанбаев атындагы орто мектебинин англис тилчи мугалими Машрапова Айнура ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Ош облустук мамлекеттик администрациясынын акчалай сыйлыктары, Ош билим берүү институтунун диплом жана грамоталары, ошондой эле Ош облустук билим, илим кызматкерлеринин облустук профсоюз комитетинин баалуу белектери тапшырылды.

Жыйынтыктоо сөзүндө Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева кийинки жылы бул сынак онлайн түрүндө өтөрүн белгилеп өттү. Ал эми облустук мугалимдердин профсоюз комитетинин төрагасы Сабыр Тойгонбаев сынактын облустук туруна катышкан бардык мугалимдерге Ысык-Көлгө 5 күн акысыз эс алууга жолдомо берерин убада кылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up