Тоң районунда «Жыл мугалими-2019» сынагы болуп өттү

Билим АКИpress - Тоң районунда 22-23-24-апрелде «Жыл мугалими-2019» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сынакка жалпысынан 22 мугалим катышып, финалга 10 мугалим тандалган.

Сынактын шарттары боюнча 1-күнү мугалимдер предметтик жана педагогика, психологиялык тестти онлайн түрүндө тапшырышты. 2-күнү катышуучулар 20 мүнөттүк ачык сабак өтүштү. Жыйынтыгында 1-2 тапшырмаларда өздөрүнүн кесиптик, алдыңкы чыгармачылык жөндөмүн көрсөткөн 4 мугалим байгелүү орундарга ээ болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up