31 жаштагы Элиза Каратаева Сокулук районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт)

31  жаштагы Элиза Каратаева Сокулук районундагы мыкты мугалим деп табылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районунда «2019-жылдын мугалими» сынагы уюштурулду. Анын жыйынтыгында Сокулук №2 орто мектебинин мугалими — 31 жаштагы Элиза Каратаева жеңүүчү деп табылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынак Д.Шопоков атындагы №2 мектеп-лицейинде өтүп, анда 5 мугалим жана 2 тарбиячы ат салышкан.

Сынак 2 күнгө созулду. Ага чейин талапкерлер райондук билим берүү бөлүмүнүн уюштуруу тобуна анкета, ачык сабактардын, мастер-класстардын иштелмесин, дискке жаздырылган презентациясын тапшырышкан. Сынактын 1-күнүндө талапкерлер ачык сабактарды өтүшүп, тест тапшырышты. Ал эми 2-күнү педагогикалык-методикалык чыгармачылык өнөрканасына саякат жасалып, ар бири өз тажрыйбасы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле өзүн тааныштыруу, мастер-класстар жана жеке чыгармачылык таланты, ишмердүүлүгү (хобби) көрсөтүлдү. Педагогикалык көргөзмөлөр калыстар тобу тарабынан бааланды.

Сынактын жыйынтыгы:

- Баш байге — Сокулук №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элиза Каратаева;

- 1-орун — Жамгырчинов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жазира Сыдыкова;

- 2-орун — С.Абдылдаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Жылдыз Жайнакова;

- З-орун — К.Шопокова атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Наргиза Шакирова.

«Жыл мугалими-2019» аталган Э.Каратаева К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган. Учурда үй-бүлөлүү.

Ошол эле сынакта Шопоков шаарындагы «Ак-Тилек» бала бакчасынын тарбиячысы Канатбек кызы Кымбат «Жылдын мыкты тарбиячысы-2019» деп табылып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы К.Эмилбеков ардак грамоталарды жана сыйлыктарды тапшырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up