Балыкчыдагы мектептерде «Электрондук күндөлүк» системасы ишке киргизилет

Балыкчыдагы мектептерде «Электрондук күндөлүк» системасы ишке киргизилет

Билим АКИpress - Балыкчы шаарындагы мектептерде «Электрондук күндөлүк» системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында 2019-2020-окуу жылында «Электрондук күндөлүк» системасы шаардагы бардык мектептерде иштеп баштайт.

«Бул системанын жардамы менен окуучулардын ата-энелери балдарынын сабактагы жетишкендиктери, кемчиликтери тууралуу билип, предметтерден алган бааларын телефон аркылуу көрүп турушат. Мындан тышкары, бала кайсы убакта сабакка келип, кайсы убакта кеткендиги жөнүндө да маалымат ата-эненин чөнтөк телефону аркылуу кабарланып турат. Азыркы тапта тендер өткөрүүгө бардык тиешелүү документтерди камдап жатабыз. Келерки окуу жылынын башталышы менен бул система ишке киргизилет. Эң башкысы — чет жакка мигрант катары иштеп кеткен ата-энелердин балдарынын дагы мектептеги окуусу ушул система менен каралып, окуучулар биздин көзөмөлдө болуп турушат. Ал эми алардын ата-энелери чет жакта жүрсө да, баласынан кабардар болуп турганы эң жакшы», - деди шаар мэри Алмаз Мамбетов.

Андан сырткары, шаар мэри бейтапканаларда да «Электрондук кезек» системасы киргизилерин айтты. Анын негизинде бейтапканаларга келе турган бейтаптар кечке кезек күтпөстөн, уюлдук телефон аркылуу кезекке туруп, анын негизинде каалаган дарыгерине көрүнүп кетишет.

Бул долбоорлорду ишке ашырууга орто эсеп менен 10 млн сомго жакын каражат сарпталышы күтүлүүдө.

Тендер өз убагында өткөрүлүп, документтер бүтсө «Электрондук күндөлүк» жана «Электрондук кезек» долбоорлору ушул жылдын күз айларында ишке кирет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up