Ат-Башыдагы Ак-Жар айылынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Ат-Башыдагы Ак-Жар айылынын мыкты мугалимдери аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Жар айылындагы мектепте «Жыл мугалими — 2019» сынагы өтүп, анда баш байгени кыргыз тилчи Айнура Качкынова илип кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анын маалыматы боюнча, сынак 4 турдан туруп, мугалимдер балдарга сабак өтүү, мыкты көрсөтмө курал, портфолио, эссе жазуу, тест тапшыруу боюнча күч сынашты. Сынакка жалпы 7 мугалим катышты.

Жыйынтыгында кыргыз тили жана адабияты мугалими Айнура Качкынова 1-орунду жеңип, Ысык-Көлгө 10 күнгө эс алууга жолдомо алды. 2-орунду Алтынай Омор кызы ээледи. Ал эми Жаңыл Мусабекова «Эң мыкты мугалим» аталды. Мындан сырткары, башка мугалимдерге да «Чыгаан мыгалим», «Мыкты методиканын ээси» сыяктуу номинациялар берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up