Артыкчылык диплом, тарых, спорт: «Жаш мугалим» сынагынын финалисти Абиданын ийгиликтери (видео, сүрөт)

Таалайбек кызы Абида
Таалайбек кызы Абида

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош мамлекеттик университетинин «Ыйман» гимназиясындагы тарых мугалими Абида Таалайбек кызы. Ал ишмердүүлүгү, окуучулук жана студенттик күндөрү, ийгиликтери тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Сөз башында өзүңүз тууралуу кенен айта кетсеңиз. Балалыгыңыз, үй-бүлөңүз...

- Мен Ош облусуна караштуу Алай районундагы Сопу-Коргон айылында 1994-жылы туулгам. Менин бала чагым элибиз эгемендүүлүктү алып, жаңы уюшулуп жаткандагы, экономикасы өнүгө элек мезгилге туш келиптир. Бирок ага карабастан, ата-энем мен үчүн мүмкүн болушунча шарттарды түзүп, билим алууга жол ачып берген.

Үйдө эң кенже кыз болуп, атама жакыныраак өстүм. Ошол себептүү атамдан көп нерселерди үйрөнгөм. 5 жашымда тамгаларды шатырата айтып, муундап окуп калганымды көп айтышат. Ал эми 2-классымда шахматты жогорку деңгээлде ойноп калгам. 7 жашымда өзүбүздүн эле айылдагы Токтогул атындагы орто мектебине биринчи коңгуроону кагуу менен кабыл алындым. Ошол мезгилдеги класс жетекчилер мени окутууга кызыкдар болушуп, өз класстарына алам деп аракет кылышкандыгын мен мектепти аяктаганча айтып жүрүштү.

Ошентип, менин биринчи мугалимим Дүйшөбаева Назгүл эжеке болгон. 2003-жылы мен 3-класска өткөндө өлкөбүз демократиялуу өнүгүү жолуна түшүп, элдик шайлоолонун негизинде атам айыл башчы болуп шайланды. Ошондон тарта менин билим алуу шартым жогорулады.

- Окуучулук кездеги өзгөчө учурларга токтоло кетсеңиз, көбүнчө эмнеге кызыгар элеңиз?

- Окуучулук кез — өзүнчө бир укмуш дүйнө, сезимдерге өтө бай убак. Ал кездеги сезимдер жандуу сымал дароо ишке ашчу. Мисалы, мен окуучулук күндөрүмдө Ч.Айтматовдун чыгармаларына ашык болуп, китептерин алып келип, апам «укта» деп урушканына карабастан таң атканча окуп чыккан күндөрүм да болгон. Чыгарманын ичине баш-отум менен кирип, андагы негизги кызыктуу окуялар жазылган беттерди жаттап калчумун. Бир нече күндөн кийин да ошол бетти ачып алып, негизги кызыктуу окуяларды кайрадан окуп, кайрадан ошондой эле сезимге батып, башка бир дүйнөгө барып келгендей болчумун.

Убакыт учкан куштай сыбызгып, аңгыча эле 9-классты аяктап калдым. Ата-энемдин мээнетин текке кетирбей, мектепте жалаң гана «5» деген баага окуп, 9-классты бүтүргөндө артыкчылык күбөлүгүн алдым да, кесип тандоого багыттала баштадым. Жогорку окуу жайлар абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алып жаткандыгына байланыштуу 10-11-класстарды да окууну туура көрдүм жана тестке даярдыкты жогорку деңгээлде баштадым.

Мектепте сабактардан тышкары математика, англис тили, тарых, комуз, волейбол, стол тенниси сыяктуу ийримдерге катышып, спорт жаатында да өзүмдү сынап көргөм. Математика сабагын өтө берилүү менен окучумун. Мугалим класска «оң жак», «сол жак» деп эки вариантта текшерүү иш жаздырган болсо, а менин жеке өзүмө такыр башка таталыраак мисалдарды берчү. Ошондо да мен өзүмдүн мисалдарымды чыгарып бүтүп, классташтарымдын мисалдарын иштеп берчүмүн. Албетте, бул менин окуучулук кезимде математика сабагын сүйүп окугандыгымды далилдеп турат. 11-классты аяктаган соң ЖРТ тапшырдым, жыйынтыгы өтө жакшы болду. Ал эми кесип тандоомо апамдын зор таасири бар.

- Кесип тандоо деп калдыңыз, башка кесиптердин ичинен тарых мугалими болуп калганыңыздын себеби эмнеде?

- Совет мезгилинде тарых факультети эң эле кадыр-барктуу факультет болгон экен. Анда абитуриенттер тарых факультетине жылдап сынак тапшырып, 5-6 жыл күтүп окушкандыгын апам айтып калды. Апам да мектеп учурунда эң жакшы деген бааларга окуп, мектепти бүткөн жылы эле Фрунзеде жайгашкан окуу жайдын тарых факультетине өз күчү менен сынак тапшырып, бюджеттик негизде окууга өтүптүр. Борбор калаага барып, жатаканасына жайгашып, эми эле окуу жылы башталганда айылдан суук кабар барат. Апам айылга келүүгө аргасыз болуп калат. Апамдын апасы өтүп кетип, үйүндө эң улуу кызы болгон апам кичинекей инилерин, сиңдилерин таштап кете албай, мүмкүнчүлүгү жок калган. Мына, ушундан улам мага тарых факультетине барууну сунуштады. Негизи мен мектепте бардык сабактарды «5» деген баага окугандыктан, тарых сабагы деле мага жат эмес болчу. Тарыхтын археология бөлүмүнө окуучулук күндөрүмдө эле өзгөчө кызыкчумун. Апамдын бул пикирин четке какпай, тесттин негизинде 2012-жылы ОшМУнун тарых факультетине бюджеттик негизде окууга кабыл алындым. Бул биздин үй-бүлөгө эң сонун кабар болчу.

Кичинемден эле активдүүлүк, жоопкерчиликтүүлүк жана аракетчилдик сапаттар калыптанып, студенттик күндөрүм да зор ийгиликтер менен коштолду. 1-курста алгачкы сынак тапшырганда алган «5» деген бааларымды атама сүйүнчүлөп айтканым али да эсимде.

- Социалдык тармактарда, спорт жаатында да активдүү экениңиз байкалат. Андагы ийгиликтериңиз тууралуу эмне айтып бере аласыз?

- 2-курста окуп жаткан кезде Ош шаарындагы теннис клубуна барып калдым. Бир ойноп көрөйүн деген гана максат болчу. Машыктыруучулар менен таанышып, уруксат алып, 1 сааттай теннис ойнодум. Биринчи жолу ойноп жаткандыгыма карабастан жакшы ойнодум, ал да болсо мектеп кезинде бир аз спортко аралашып жүргөндүгүмдүн таасири болду. Сырттан караган адамдарга жакшы ойногонум байкалганы менен мен биринчи жолу ойноп жаткан үчүн өтө жага берген жок. Ал күнү «дагы келем» дебестен кеттим, башка барган жокмун. Бирок машыктыруучум жакшы ойноп кетишиме көзү жетип, өзү телефон чалып, мени теннис ойноого чакырды. Теннис башталды, күндө машыгуу, күндө чуркоо, күндө көнүгүү...

Ошентип, 3 айга жетип-жетпей теннис ойногон кыздардын баарын жеңип баштадым. 2015-жылы Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган теннис боюнча шаар биринчилигинде 1-орунду камсыздадым жана бул көрсөткүч 2016-2017-2018-жылдары да кайталанып, жыл сайын 1-орунду алып келе жатам. Спортко аралышып, барга көөп, жокко чөкпөгөн өтө күчтүү сабырдуулук сапатты калыптандырдым.

- Студенттик кез менен кош айтышып, жаш адис катары эмгек жолуңузду кантип баштап калдыңыз?

- Убакыт дагы да өз бийлигин жүргүзүп өтө берди. 2016-жыл — студенттик күндөрүмдүн соңку жылы болду. ОшМУнун тарых факультетин артыкчылык диплом менен бүтүргөн студенттердин катарын толуктадым. Бюждеттик негизде окугандыгым үчүн келишим боюнча 3 жыл мектепте иштөөгө Ош шаарындагы №2 Карл Маркс орто мектебине бөлүнүп, алгачкы педагогикалык эмгек жолум башталды.

ЖОЖду артыкчылык диплому менен аяктаганым үчүн тарых факультетинин деканы Сыдык Смадияров агай тарабынан сунушталып, кошумча ОшМУнун «Ыйман» гимназиясына тарых мугалими болуп кабыл алындым.

«Магистратурада окуп, билим алуу өзүнчө эле сыймык болду» деп өз сөзүмдү баштагым келип турат. 2016-жылы тарых факультетин аяктап, «магистратурага тапшырам» десем, үйдө көпчүлүгү каршы чыкты. Алгач тиешелүү документтерди эч кимге айтпастан даярдап, тапшырып койдум да, эч нерсе болбогондой мугалимдик кесибимди уланта бердим. Биринчи алган эмгек акым аз болгондуктан, «магистратуранын келишимдик акысын төлөшүп коюңуз» деп атама айтууга мажбур болдум. Ошентип, апама айттым да, апам аркылуу атама айттык. Бирок атам алгач каршы болгону менен кийин угуп сүйүнгөнү, кайра мени кубаттаганы кызык болду.

2016-жылы ОшМУнун тарых факультетинин магистратурасына барсам, 2018-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым. Бул аралыкта балалык кездеги кызыгууну ишке ашырып, археология боюнча Чех мамлекетинин Батыш Чех университетине чакырылып, Европанын Чехия, Ватикан, Австрия жана Германия өлкөлөрүндө болуп, Италиядагы археологиялык казуу иштерине активдүү катышып келдим.

- Жаш экениңизге карабай өзүңүздү өнүктүрүү багытында аракеттериңиз мыкты экен. Ал эми педагогикалык ишмердүүлүгүңүздө кандай жаңылыктар болду?

- Мугалим болуп иштеп жатканда ЭлТР, МТРКнын «Илим-билим» каналында 1 жылга чукул тарых сабагын жана жарым жыл «Тарыхый инсандар» чыгарылышын алып бардым. Мугалимдик кесип ары сооптуу, ары түйшүктүү кесип эмеспи. Эгерде жаш мугалим мугалимдик кесипти бир гана кызмат деп кабылдай турган болсо, анда ийгиликке жете албай калат. Андыктан ага жан дүйнө менен берилүү керек. Мен да жаңы гана бул кесипти баштоодо өзгөчө кесипке болгон сүйүүм артып, окуучулар менен тыгыз иш алып барып, келген жылы эле 10-класста Садир Эргешов аттуу окуучумду тарых боюнча олимпиаданын облустук туруна алып чыктым. Бул мен үчүн өтө чоң сыймык алып келди жана жумушка болгон кызыгуумду ого бетер күчөттү.

- Сиз үчүн бүгүнкүнүн жаш мугалими кандай болушу керек? Сиз заман агымына жараша кандай аракеттерди көрүүдөсүз?

- Глобалдашуу доорунда жашап жатабыз, дүйнөлүк аренада илим-билим, технология күн санап жаңы ачылыштар менен толукталууда. Мындай доордо замандын талабына жооп берген мугалим бойдон калуу кыйын иш. Анткени окуучулар да жаңы доордун балдары. Андыктан талапка жооп бере турган мугалим болуу үчүн дайыма аракеттенип, билим «багажымды» тынымсыз толтуруп туруу менен алектенем. Билим берүү процесси өтө татаал процесс. Негизги ага 3 субъект аракет этиши керек: ата-эне, окуучу жана мугалим. Ушулардын бири кем болсо, 3 буттап турган үстөл жыгылган сыяктуу. Андыктан мугалим окуучу менен да, ата-энелер менен да тил табыша билүү деңгээлинде болушу керек деп ойлойм. Мен да 2018-2019-окуу жылында алган класс жетекчилик ишимде окуучулар жана алардын ата-энелери менен тыгыз байланышып, иштеп келем.

- Сөздү үй-бүлөлүк турмушуңуз, ошондой эле мектептеги турмушуңуз менен жыйынтыктасак.

- Ар бир адам үчүн үй-бүлө маанилүү. Жаңы турмушка чыгып, Кара-Суу районунан каттап иштейм. Үйдө иштегениме каршылык кылчу эч ким жок, баары түшүнүү менен карашат. «Жаш мугалим-2019» сынагына катышууда да албетте биринчи үй-бүлөм менен кеңештим. Алар мени кубатташып, колдоо көрсөтүп келишет. Ал эми жумушта кесиптештеримдин ынтымагы, бирине-бири жардам бергендиги мага окшогон жаш мугалимдердин иштөөсүнө аябай эле шык берет.

Классымда 20 окуучу бар: 12 бала жана 8 кыз. Окуучуларым өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө салымын кошо турган мыкты кесип ээлери болушуна күчүмдү, акылымды жумшоодомун. Алардын ар бир ийгиликтери мен үчүн чоң сыймык. Башка эле бирөөнүн ийгилигине чын дилинен кубана алган адам бул — мугалим экендигин мугалим болгондор гана сезе алышат.

- Маегиңизге алкыш. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up