«Жаш мугалим» сынагынын финалисти — өзбек кызы Одина Акбарова 4 тилде сүйлөп, кыргызча түш жоруйт (видео, сүрөт)

Одина Акбарова
Одина Акбарова

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош шаарындагы №8 М.Горький атындагы мектеп-гимназиясынын жаш мугалими Одина Акбарова. Ал өзүнүн балалыгы, студенттик күндөрү, ийгиликтери жана ишмердүүлүгү тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Саламатсызбы Одина? Айтсаңыз, мугалимдик кесипти тандаганыгызга ким же эмне түрткү болгон?

- «Эмнеге мугалим?» деген суроону чынында бүтүрүүчү кезимде бардык таанышыман уккам десем болот. Албетте, муну менен мугалимдик кесиптин капчыгы, мээнети да сөз болгон. Жашоодо ата-энемдин бизге берген тарбиясына ыраазымын, анткени алар берген тарбия аркылуу мен өз жүрөгүм тандаган жол менен туура кадам таштай алдым. Кесип тандоодо эч качан анын капчыгына карабаш керек, эгер сен өз кесибиңди сүйүп, максатыңды ишке ашырсаң, Кудай сага берекесин берет. Эмнеге мугалим? Себеби мугалим — бул кесиптердин башаты, жеке жашоого тоскоол болбойт, кайра ага жардамчы кесип, балдарыңа туура тарбия берүүдө, адамдар менен жакшы мамиледе болууга, бедели бийик кесип. Ал эми бул кесипти тандаганымдын себепчиси — менин мектептеги Гүлжан деген математик эжейим, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим» повести. Эжейимден аялдар үчүн эң ыңгайлуу кесип экенин түшүнгөн болсом, Дүйшөндөн чөйрөмдү, Кыргызстанымды өнүктүрүү, өзгөртүү максаты пайда болгон.

- Сиз англис тили боюнча сабак берет экенсиз, демек тил сиз үчүн маанилүү орунга ээ?

- Көбүнчө көчөдөгү аялдар «айланайын кызым, кыргызсыңбы?» деп суроо узатаканда, жөн гана жылмайып, сыймыктана «кыргызстандыкмын» деп жооп берем. Менин кыргыз тилин билишим — бул менин кыргыз жараны катары милдетим. Өз эне тилим — өзбек тили, ал эми англис тили — кесибим. Орус тили — билим берген уям болгон мектебимдин окутуу тили, башкача айтканда төртүнчү тилим. Ар бир тил мен үчүн кадырлуу жана барктуу.

- Деги эле бүгүнкү мугалим кандай сапаттарга ээ болушу керек деп ойлойсуз?

- Мугалимдин жакшы сапаттары көп, бирок алардын эң башкысы — балдарды сүйүүсүндө деп ойлоймун. Себеби балдарга болгон сүйүүсү аркылуу ал балдардын өздөрүн бактылуу, ийгилүктүү сезүүсүнө жана өз максаттарын ишке ашыруусуна чоң жардам берет.

- Мугалимге эң керектүү компетенциялар деп кайсыларды эсептейсиз жана өзүңүз кандай компетенцияларга ээ экендигиңизди ишенимдүү айта аласыз?

- Менин оюмча, мугалимге эң керектүү компетенциялар — өз тармагын жакшы билүүдө, аны жеткерип берүүдөгү түрдүү ыкмаларды колдонуусунда, балдарды сүйлөө маданиятын өнүктүрүүсүндө жана ХХI кылымдын заманбап мугалими катары жаңы маалыматтарды, өзгөрүүлөрдү туура колдонуп билүүсүндө. Айтып өткөн сөздөрүмө биз жылдар бою өз үстүбүздө иштеп, тажрыйбалуу мугалимдерден кеңеш сурап, жаңы мугалим дүйнөсү менен терең таанышуу аркылуу жетишсек болот. Мен өзүм ушул компетенциялардын жардамы менен сабактарымды балдарыма жеткилүүктүү кылып өтүп келе жатам деп ишенимдүү айта алам.

- Одина, ар бир адам бир иш баштарда максат коёт эмеспи. А сиз «Жаш мугалим-2019» сынагына кандай максат менен катышып жатасыз?

- Максаттарым аябай эле көп — чөйрөмдөгү инсандарды аракетчил жаш мугалимдер менен байытуу, алар менен пикир алмашуу, жашоомдо мен үчүн маанилүү болгон кесибимдин үстүнөн иштөө, өзүмдү өнүктүрүү. Себеби ушундай сынактар адамга өзүн заманбап инсан катары өнүктүрүүсүнө чоң түрткү болот.

- Мугалимдик кесип сиз үчүн абдан барктуу экендигин туйдук. Жашооңузду дагы кандай кызыктар курчады экен?

- Албетте, бул менин жаңы үй-бүлөм, сүйүктүү жарым, менин жаңы туугандарым. Ошолордун колдоосу менен бул сынактын финалына чейин жетип келдим. Жумуш — бул менин жашоомдун бир бөлүгү, калганы — жеке турмушум. Бул жакта деле убакытымды кызыктуу, маанилүү өткөрүүгө аракет жасайм. Бош убактарда жакындарым үчүн шириндиктерди даярдап, суук кезде өз жылуу сезимдеримди билдирүү максатында аларга жылуу байпактарды, шарфтарды, чешкаларды токуп берем — бул менин хоббилеримден бири. Баса, келечекте окуучулар үчүн да ушул тармак боюнча ийримдерди ачуу ниетим бар.

- Чыныгы чыгармачыл мугалим сезимтал болот эмеспи. Жан дүйнөңүздүн азыгын кайдан табасыз?

- Эң сонун суроо. Албетте, китептер, айрыкча ыр китептеринен табам. Канча тилди билсем, ар биринде өзүм сүйгөн акындарым бар. Кыргыз тилинде көбүнчө жаш акындардын ырларын окууга кызыгам. Эң жактыргандарым — тайпалашым Акинай Керимбердиеванын ырлары. Орус тилинде Пушкин, Эдуард Асадовдун ырларын жактырам. Эне тилимде Мархабо Каримованы окуйм, ал эми англисче — Эдгор Алан По. Дагы да кызыккандарым көп, оригами жасаганды жактырам. Ар бир өтүп жаткан мүнөтүмдү текке кетирбөөгө аракет кылам.

- Сынактагы атаандаштарыңыз тууралуу билгендериңиз бардыр?

- Негизи, финалга чыкканыбыз — бул өзү ийгиликтүү жеңишибиз деп ойлойм. Ар бири өзгөчө көп кырдуу мугалимдер экенин айтып кете алам. Келечек муунга татыктуу билим жана тарбия бере алышат деп терең ишенем. Ар дайым өзүбүздүн кесибибиздин мыктылары, татыктуулары болуп жүрөлү!

- Маегиңиз үчүн ырахмат! Ийгилик жар болсун!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up