Ошто «Жаш мугалим - 2019» сынагынын финалдык баскычы өтөт (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош шаарында 15-май күнү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу менен «Жаш мугалим - 2019» кароо-сынагынын финалдык баскычы өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы 3 миңден ашуун мугалимдердин арасынан суурулуп чыгып, сынактын буга чейинки баскычтарында электен өтүп келген финалисттер тажрыйбасы 3 жылдан өтпөгөн билим берүү кызматкерлеринин арасынан тандалды.

Алар:

- Ош шаарынын Ю.Гагарин атындагы №17 мектеп-гимназиясынын музыка мугалими Кубатбек уулу Догдурбек;

- көп тилдүү билим берүү программасы менен иштеп жаткан М.Горький атындагы №8 мектеп гимназиясынын англис тилчи мугалими Одина Акбарова;

- №6 А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими Мыктыбек Адишов;

- шаардагы жалгыз интернат — №11 В.Терешкова атындагы мектептин дене тарбия мугалими Улукбек Исмайылов;

- №50 П.Нышанов атындагы мектеп-гимназиясынын мугалими Жапар кызы Бактыгүл;

- №38 Б.Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясынын башталгыч класстарынын мугалими Эркебай кызы Наргиза;

- Ош мамлекеттик университетине караштуу «Ыйман» гимназиясынын тарых мугалими Таалайбек кызы Абида.

Сынактын финалдык баскычы төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:

1. «Менин педагогикалык өнөрканам» аттуу көргөзмө. Мында жаш мугалимдер өздөрүнүн усулдук колдонмолорун жана башка жасаган иштерин элге көрсөтө алышат.

2. «Сапаттуу билимге такшалган мугалим» аттуу өздүк презентация. Мында катышуучулар педагогикалык концепцияларын коргойт.

3. Мастер-класс, башкача айтканда педагогикалык кырдаалдан чыгуу.

4. Полиглот мүнөтү. Мында катышуучулар түрдүү педагогикалык терминдерди чечмелеп беришет.

5. Блиц-турнир. Мында финалисттерге чукул суроолор берилип, алар жооп жазышы керек.

6. «Өнөр кесип тандабайт». Мында таланттуу мугалимдер кесиптик жана чыгармачылык шыктарын элге тартуулашмакчы.

«Аталган сынактын буга чейинки баскычтары тууралуу айта кетсек. Алгач мектептик баскычы өткөрүлүп, андан суурулуп чыккан катышуучулардын саны 40ка чукулдап, үстүбүздөгү окуу жылынын башында андан тандалып чыккан 9 мугалимдин ачык сабактарына күбө болдук. Анда жаш мугалимдердин сабак өтүүсүнө саресеп салган комиссиялык курамдын берген упайлары эске алынды. Сынактын кыл көпүрөсү, майда көздүү элегинен өтүп жаткан катышуучулар үчүн социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыбызда добуш берүү уюштурулуп, андагы упайлар да кошулду», - дейт Т.Досмуратов.

Анын айтымында, билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоого алып, көмөк көрсөтүп, бул кароо-сынакты да демилгелеп, демөөрчүлүк кылып, мугалимдерди чыгармачылык менен иштөөгө үндөп келген Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев жана башка шаар жетекчилери, Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр келип, финалдык баскычтын катышуучуларын баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйлай турганы күтүлүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up