«ОшМУ мырзасы» наамын жеңген Мыктыбек Адишов «Жаш мугалим» сынагынын финалында (видео, сүрөт)

Мыктыбек Адишов
Мыктыбек Адишов

Билим АКИpress - Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Жаш мугалим - 2019» сынагы старт алган. Бул сынактын дагы бир финалисти — Ош шаарындагы №6 А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын дене тарбия мугалими Мыктыбек Адишов. Ал өзүнүн кесиби жана үй-бүлөсү, сынак тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

- Саламатсызбы. Оболу өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз.

- Саламатчылык. Мен, Адишов Мыктыбек, Ош обулусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жөнөкөй үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келгем. Балалык кезимде ошол эле айылдын суусун ичип чоңойдум. Азыркы кезде үй-бүлөдө ата-энемдин жалгыз таянар аска зоосумун.

- Сизди ушундай кесиптин ээси кылып даярдаган окуу жайыңыз, студент кездеги ийгиликтериңиз жөнүндө айта кетсеңиз.

- Мен 2012-жылы Ош шаардык кесиптик билим берүү колледжинде кеңсе менеджери адистигин окуп баштап, 2015-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым. Ошол эле жылы ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетине барып, көптөгөн ийгиликтерди багындырдым. 2016-жылы жогорку окуу жайлар арасында спорттун волейбол түрү боюнча 3-орунга ээ болгом. 2017-жылы «ОшМУ мырзасы» кароо-сынагында баш байгенин ээси болгом. Дагы башка ийгиликтер жөнүндө айта берсем көп, жогоруда негизгилерине токтолдум.

- Эмгек жолуңузду баштаган мектебиңиз тууралуу, деги эле мугалимдик кесипти аркалаганыңыздын себеби менен өзгөчөлүгүнө токтоло кетсеңиз.

- Эмгек жолумду азыркы өзүм иштеп жаткан Ош шаарындагы №6 А.Макаренко атындагы мектеп-гимназиясында дене тарбия мугалими болуп баштагам. Негизи эле балалык кезимден бул кесипти кыялданып жүргөм. Мектепте окуп жаткан учурда спорттун волейбол жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча шаардык, райондук мелдештерде ийгиликтерди жараткам. Мына ушул себептерден улам кызыгуулар дагы артты десем туура болчудай. Ар бир кесип ардактуу болгондой, менин да кесибимдин өзгөчөлүгү бар: окуучулардын акыл-эсин сергитүү, ыкчамдыкка, шамдагайлыкка үйрөтүү жагы менен айырмаланат.

- «Жаш мугалим - 2019» кароо-сынагына катышып жатканыңыз, даярдыңыз жөнүндө айтып берсеңиз.

- Бул сынак Ош шаарында өсүп келе жаткан жаш педагогдордун чыгармачылык иш-аракетин жогорулатуу максатында 2 жылдан бери уюштурулуп жатат. Мен да ушул кароо-сынак уюштурулган убактан бери абдан кызыктым. Быйыл мен да катышып, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Бул кароо-сынак бир топ баскычтардан турду. 1-турда мугалимдин портфолиосу, 2-турда соцтармактагы добуш берүүнүн жана ачык сабактын жыйынтыгы менен финалдык баскычка 7 мугалим чыктык. Финалдык беттеш 15-май күнү Ош улуттук драма театрында болуп өтөт. Буйруса, финалга даярдык жакшы.

- Сөз соңун жашоодогу урааныңыз менен жыйынтыктасак.

- Бул жашоодо жалаң гана алдыга умтулуу!

- Маек курганыңыз үчүн чоң рахмат. Ишиңизде ийгиликтер болсун!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up