Баткен облусунда 227 мугалим жетишпейт

// Turmush

Билим АКИpress - Баткен облусунда учурда 7 миң 258 мугалим эмгектенүүдө. Дагы 227 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу облустук кеңешмеде белгилүү болду.

Маалым болгондой, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облус аймагынан чогулган билим берүү кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү. Кеңешме билим сапатын жогорулатуу темасына арналып, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга эмне тоскоол болуп жаткандыгы ачык, эркин форматта талкууланды.

А.Мадумаров билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыты болгондуктан, өлкө казынасынан бул тармакты жакшыртууга аз эмес каражат каралып жатканы менен билим сапаты жетишерлик эмес экенин белгиледи. Ошондой эле ал билим сапатын жогорулатууга каражат гана эмес, бирдиктүү система жана биргелешип иштөө зарыл экендигин айтты.

Кеңешменин катышуучулары билим сапатын жогорулатуудагы айрым тоскоолдуктарды айтышты. «Эң негизгиси — баланы тарбиялоодо жана мыкты билим берүүдө ата-энелердин ролу жогору. Бирок учурда ата-энелерди мектеп менен байланыштыруу кыйын болуп, миграция агымынын күч алганы буга таасир этип жатат», - дешти алар.

Жыйында эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадеминов да сөз алып, өз пикирин айтты. «Билим берүүнүн сапаты мугалимдердин билим сапатынан жогору боло албайт. Ошондуктан жаш мугалимдерге жардам берип, күчтүү кадрларды даярдоого маани берүү керек», - деди ал.

Мадумаровдун айтымында, ар бир мектеп жетекчилиги жана жамааты ата-энелер менен тыгыз мамиле түзүүгө жетишиш керек.

Жыйында учур талап кылган жаңы методдорду колдонуу аркылуу ата-энелерди балдарынын окуусуна кызыктыруу үчүн «Электрондук күндөлүк» долбоорун киргизүү боюнча Кадамжай «Сапат» лицейи эксперимент катары кабыл алынды.

Кеңешменин соңунда облус башчы бул жаатта бир катар тапшырмаларды берди:

- ар бир райондо заман талабына жооп берген инновациялык мектептерди уюштуруу;

- мугалимдердин ишин электрондоштуруу;

- жеке менчик мектеп же бала бакча ачууну каалаган ишкерлерге колдоо көргөзүү;

- мектеп директорлорунун ишинин натыйжалуулугун арттыруу;

- мектеп директорлорун ротациялоо;

- китеп жетишсиздигин жеңилдетүүнүн жолдорун издөө;

- жаш мугалимдер мектебин ачып, алардын тажрыйбасын арттыруу.

Баткен облусунда 244 мектеп бар, анын ичинен алтоо жеке менчик. Ошондой эле 179 бала бакчанын ичинен 20 бала бакча жеке менчик болуп саналат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up