Ак-талаалык окуучу менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадада баш байгени багындырды (сүрөт)
Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылындагы 3-класстын окуучусу Айым Жеңишбекова менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадада баш байгени камсыздады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Аталган айылдын М.Базаркулов атындагы орто мектебиндеги мугалим Алтай Төрөбаевдин жетектөөсү менен менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадага 5 окуучу катышкан. Алардын ичинен А.Жеңишбекова баш байгени багындырып, кубокко ээ болду.
Ал эми 4 окуучу: Айдай Саякбаева, Амир Сагатбеков, Султан Келдибеков жана Айтунук Шайлообекова 1-орунду камсыздашты.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
×