Сокулуктагы «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында Новопавловка мектеп-гимназиясы баш байгени жеңди

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районунда жыл сайын уюштурулган «Сары-Өзөн чолпондору» сынагынын гала-концерти болуп өттү. Анда Новопавловка мектеп-гимназиясы баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Бул сынак мектепте окуган окуучулардын талантын өркүндөтүп, аларды эл алдына алып чыгуу максатын коёт. Сынакка райондогу жалпы мектептерден 1 миң 570 окуучу катышты. Жыйынтыгында баш байгени Новопавловка мектеп-гимназиясы жеңип алды. Жеңүүчүлөргө Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын атынан ардак баракчалар тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up