ӨКМ окуучуларга сууга түшүү эрежелерин түшүндүрдү

Билим АКИpress - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана коопсуздугун камсыздоо максатында жайкы мезгилде сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тогуз-Торо, Токтогул, Аксы, Ноокен райондору жана Майлуу-Суу, Таш-Көмүр шаары боюнча башкармалык тарабынан сууга түшүү эрежелери жана чөккөн адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жалпы 1178 окуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле 17-май күнү Жалал-Абад облусунун аймагындагы жума намазы окулуучу мечиттерде сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерин сактоо жөнүндө эскертүүлөр айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up