Кара-Сууда интеллектуалдык оюнду жеңген окуучулар аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кара-Суу районунун В.Ленин атындагы орто мектебинде 18-май күнү окуучулар арасында «Интеллектуал Ум» интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучу Нуристан Марат уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Оюндун катышуучулары Кара-Суу районунун акиминин кубогу үчүн күч сынашкан.

Интеллектуалдык оюндун 1-баскычы алгач Кара-Суу районунун ичиндеги 9 айыл өкмөттө уюштурулуп, жеңүүчү болгон командалар райондук турга жолдомо алышкан. Ал эми финалдык баскычында 9 команда ат салышты.

«Оюндун максаты — мектептердеги окуучулардын билим деӊгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, китепке болгон кызыгуусун арттыруу. Оюн кызыктуу интеллектуалдык суроо-жооптор менен коштолуп, жыйынтыгында 1-орунду Нариман айыл өкмөтүнөн келген №81 ВЛКСМ орто мектебинин «Келечек» командасы, 2-орунду Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн №2 К.Зулпиев орто мектебинен келген «Интеллектуалдар» командасы, ал эми 3-орунду Мады айыл өкмөтүнөн келген №130 Ш.Жумаев орто мектебинин «Биримдик» командасы ээлешти. Жеңүүчү командалар кубок, медаль, диплом, китептер жана баалуу белектер менен сыйланышты», - деди Нуристан Марат уулу.

Уюштуруучулардын бири Сыймык Марат уулу окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн мамлекет тарабынан интеллектуалдык оюндарды уюштуруп туруу керектигин кошумчалады.

«Бул оюн Кара-Суу районунда биринчи жолу уюштурулуп жатат. «Интеллект Ум» интеллектуалдык оюну мындан ары Кара-Суу районунда саамалык катары жыл сайын уюштурулуп турмакчы», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up