Ак-Музда «Энелер мектеби» иш-чарасы мастер-класс жана сынак менен коштолду (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында «Энелер мектеби» боюнча иш-чара өтүп, ага райондогу 10дон ашык мектептин мугалимдери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана методисттер катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган иш-чаранын уюштуруучусу, мектептин мугалими Байыш Абдыбеков билдирди.

Маалыматка караганда, алгачкы жолу өтүп жаткан «Энелер мектебинин» иш-чарасына Ак-Муз айылынан жалпы 120 эне келип катышты. Анда этномаданият сабагы болуп, айыл тургуну Турдубүбү Жекшенова ала кийиз жасоо, өрмөк согуу боюнча мастер-класс көрсөттү. Ал эми Кымбат Жусубалиева финансылык сабаттуулук боюнча жана Аида Акматакунова жаш келиндерге багытталган «Эне — бул мектеп» темасында сабактарды өтүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында «Кызыл Ай» коому тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1 миң 400 сомдон берилди. Андан сырткары, «Жылдын мыкты мектеп окуучусу» сынагы жыйынтыкталып, баалуу белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up