Буденовка мектебинин окуучулары балдар үйүндө кайрымдуулук акциясын өткөрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районундагы Буденовка орто мектебинин окуучулары 17-майда Чүй районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан балдар үйүнө барып, кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Бул боюнча аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Миргүл Кайдулатова билдирди.

«Окуучуларыбыз аталган балдар үйүнө барышып, белек-бечкектерин тапшырышып, кубаныч тартуулашты. Буга чейин Буденовка орто мектебинде Улуу Жеңиш майрамынын урматына ата-энелер менен бирдикте тамак-аш жармаңкеси өткөрүлгөн.

«Балдарга тынчтык!» аттуу кайрымдуулук акциясынан түшкөн каражаттар балдар үйүнө канцелярия каражаттарын, балдарга оюнчуктарды жана таттуу белектерди алууга жумшалды», - деп билдирди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up