Араванда ийгилик жараткан окуучулар менен мугалимдерге сыйлык тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Араван районундагы балдардын чыгармачылык борборунда жылды жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аталган райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нургазы Мирзаев маалымдады.

Анын айтымында, иш-чаранын 1-бөлүгүндө көргөзмөлөр уюштурулду. 2-бөлүгүндө балдар тарабынан даярдалган концерт коюлду. 3-бөлүгүндө ийгилик жараткан окуучуларга мактоо баракчалары жана мугалимдерге Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун, райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары берилди.

Жыйынтыгында Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун өкүлү Мээргүл Жолборсова жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Мирзаев сыйлык алгандарды куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалашты. Райондук балдар чыгармачылык борборунун окуу бөлүмүнүн башчысы З.Урунова келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up