«Кош бол, бакчам!»: Бишкектеги №165 «Жанар» бала бакчасы 81 баланы мектепке узатты (видео, сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы кыргыз тилдүү №165 «Жанар» бала бакчасы 81 баланы мектепке узатты. Бул тууралуу кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, аталган бала бакчада 22-майда «Кош бол, бакчам!» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда балдар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышып, кыргыз жомокторунун каармандарын чагылдырып, концерт тартуулашты.

Бакчанын директору Гүлкайыр Өмүралиеванын айтымында, «Жанар» бала бакчасы 1983-жылы түптөлгөн. Имарат 140 балага ылайыкташтырылса, учурда бакчада жалпы 495 бала 6 топко бөлүнүп, тарбия алып келишет. Бакчанын эмгек жамааты 27 адамдан турат. Анын ичинен тарбиячылардын саны — 12. Бардыгы жогорку билимдүү, эл агартуунун отличниктери жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээлери. Тарбиячылар жыл сайын билимин жогорулатуучу курстарга катышып турушат.

Быйыл 81 бала бакча менен коштошуп, мектепке узатылды. Анын ичинен жогорку топто — 44 бала, даярдоочу топто — 37 бала. Бакчада кошумча бий, комуз, чет тили жана орус тилин үйрөнүү боюнча атайын ийримдер ачылган. Бакчанын жамааты майрам күндөрү ар кыл иш-чараларды өткөрүп турушат.

Даярдоо тобунун тарбиячысы Айзат Ибраимованын сөзүнө караганда, балдар бала бакчадан тамгаларды муундап кошуп окуганды, артка-алдыга санаганды, ар түрдүү эсептерди чыгарууну, көнүгүүлөрдү аткарууну үйрөнүшкөн. «Андан сырткары бий, комуз, вокал, чет тили жана орус тили боюнча билим алышты. Бакчага ата-энелер балдарын 3 жашынан баштап беришкен. Ошол убактан бери балдар эмнени үйрөнүп чыкканы тууралуу отчеттук концерт бердик», - деди ал.

Балдардын ата-энелери бала бакча тууралуу эмне дешет?

Лира Калчаева: «Менин 2 уулум тең «Жанар» бакчасын бүтүп жатышат. Менимче, бул бакча шаардагы кыргыз тилинде билим-тарбия берген эң мыкты бакчалардын бири. Шаардагы ар кандай сынактарда алгачкы орундарды жеңген. Негизинен ыраазыбыз, эң мыкты тарбия беришти. Балдар бий, комуз сыяктуу ийримдерге катышып, үйрөнүп чыгышты».

Альфира Сыпатаева: «Ленин районуна караштуу №165 «Жанар» бала бакчасы кыргыз тилинде, ошондой эле көп тилде билим берүүгө умтулган алдыңкы бала бакчасы болуп эсептелет. Бакчанын администрациясы, андагы окутуучулар жана жалпы эле балдарга тарбия берген жамаат алдыңкы катарга кирет. Балдардын аң-сезимин, алардын дүйнө таанымын, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө багытталат».

Токтобүбү Чоткараева: «Менин 3 неберем тең бул бакчага келишет. Улуусу 3 жашынан баштап ушул күнгө чейин келип жатты. Эми бакчанын бүтүрүүчүсү болуп отурабыз. Бакчанын жамаатына чоң рахмат! Биздин балдарыбыздын экинчи энеси десек жаңылбайбыз. Жакшы тарбия беришти. Балдар ырларды жаттап, бийлерди үйрөнүшүп, чет тилинде сүйлөп чыгышты. Биз жамаатка терең ыраазычылык билдиребиз. Мындан ары да өркүндөп өсө беришсин».

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up