Сүлүктү шаарында «Акылдуу мектеп жана мугалим» долбоору иштеп жатат (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Сүлүктү шаарынын билим берүү тармагы бир катар ийгиликтерге жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга маалымдашты.

Анын маалыматына караганда, мугалимдердин 90%ы ноутбук менен камсыз болуп, окуучулар жаңы электрондук системанын жардамы менен билим алышууда.

Сүлүктүдө «Акылдуу мектеп жана мугалим» долбоору 2017-жылдан бери иштеп келе жатат.

Шаарда жалпы 9 мектеп, 8 бала бакча жана 300 мугалим бар. Алардын ичинен 270 мугалим ноутбук менен камсыздалган. Алар 20-25 миңге чейинки суммада насыя алышып, ай сайын банкка төлөп турушкан.

Шаардагы 2 мектеп электрондук системада иш алып барууда: Рүстөм Жолбаев атындагы №4 орто мектеби жана Наби Кушматов атындагы №9 гимназия мектеби.

«Мугалимдер жана окуучулар үчүн бул ыкма менен окуу бир топ ыңгайлуу жана түшүнүктүү, анткени ата-энелер балдарынын кандай билим алып, канча баага окугандыгын чөнтөк телефону аркылуу билип турса болот. Ошондой эле мугалимдер жетишсиз болгон учурда электрондук система менен иштөө аркылуу балдарды окутууга болот. Айрым учурда балдар мугалимден тажап калышат. Бул ыкма балдардын кызыгып билим алуусуна жакшы», - дейт Р.Жолбаев атындагы мектептин физика, информатика мугалими Ильяз Жолдошев.

Анын айтымында, бул мектеп электрондук системага киргенине 1 жыл болду.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров балдарды октуунун бул ыкмасы заман талабы экендигин белгилеп, бул мектепти инновациялык мектепке айландыруу сунушун айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up