Ак-Талаанын эң мыкты мугалими менен тарбиячысы Ысык-Көлдө эс алышат (сүрөт, видео)

// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Жылдын мыкты мугалими - 2019» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 23-май күнү райондук маданият үйүндө билим берүү тармагынын мыктыларын сыйлоо аземи өттү. Аземге мугалимдер, тарбиячылар жана окуучулар катышты. Жылдын мыктыларына район акими Нурбек Молдокадыров, акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин төрагасы Мирбек Сатындиев, маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова куттуктоолорун жолдошту.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алган 2 окуучуга, менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадада баш байгени багынткан окуучуларга, ошондой эле республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келген окуучуларга 500 сомдон акчалай сыйлык жана билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары тапшырылды.

Андан соң балдарга таалим-тарбия, билим берүүдө үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге жана тарбиячыларга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, райадминистрациянын, облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирликтин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары ыйгарылды.

«Жылдын мыкты мугалими - 2019» сынагынын жеңүүчүлөрү:

Баш байгени Үгүт айылынын М.Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Шерматова жеңип, «Жылдын мыкты мугалими» номинациясына ээ болуу менен Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды.

1-орунду Ак-Чий айылындагы М.Балбаков атындагы орто мектебинин мугалими Сергек Коңурбай уулу камсыздап, диплом жана плазмалык сыналгы менен сыйланды. 2-орунду Жерге-Тал айылындагы И.Молдобаев атындагы орто мектебинин мугалими Жанаркүл Кенжебаева ээлеп, диплом жана 2 кабаттуу керебет алды.

Ал эми 3-орунду Чолок-Кайың айылындагы Б.Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Курманбү Кененсариева алып, диплом жана нан бышыруучу мешке ээ болду.

«Жылдын мыкты тарбиячысы - 2019» сынагынын жеңүүчүлөрү:

Баш байгени Байгөнчөк айылынын «Байгөнчөк келечеги» бала бакчасынын тарбиячысы Таалайкүл Шабданбекова багынтып, «Жылдын мыкты тарбиячысы» номинациясынын ээси болуу менен Ысык-Көлгө жолдомо утуп алды.

1-орунду Кызыл-Белес айылынын «Кадыраалы» бала бакчасынын тарбиячысы Айзат Байсабаева ээлеп, диплом жана плазмалык сыналгы алды. 2-орунду Ак-Тал айылынын «Ак-Тал» бала бакчасынын тарбиячысы Аксана Саадабаева камсыздап, диплом жана 2 кабаттуу керебетке татыды. Ал эми 3-орунду Баетов айылынын «Алтын муун - Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Бактыбек кызы Жылдыз ээлеп, диплом жана нан бышыруучу меш менен сыйланды.

Билим берүү тармагындагы жыл мыктыларын сыйлоо аземинде демөөрчүлөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн ыраазычылык каттары ыйгарылып, Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана балдар билим берүү борборунун окуучулары тарабынан концерт тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up