Баетовдун «Тынчтык» бала бакчасын 54 бөбөк бүттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы «Тынчтык» бала бакчасын 54 бөбөк бүтүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, 22-май күнү аталган бала бакчанын тарбиялануучулары тарабынан «Кош бол, бакчам!» аттуу коштошуу кечеси өткөрүлүп, ага ата-энелер, тарбиячылар катышты. Кеченин жүрүшүндө кичинекей бөбөктөр, ата-энелер жана тарбиячылар көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан концерт тартуулашты.

Бөбөктөргө таалим-тарбия берип, окуткан тарбиячыларга баалуу белектер, айыл өкмөттүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары ыйгарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up