Аламүдүндө акыркы коңгуроодо акча чогултууга тыюу салынды

// Turmush

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районунда акыркы коңгуроодо акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 23-май күнү өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Волкова, Аламүдүн районунун акими А.Намазалиев, райондук прокурордун жардамчысы М.Маматалиев, мектеп директорлору, орун басарлары, ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча маселелер көтөрүлүп, жайкы эс алуу убагында окуучулардын коопсуздугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен акыркы коңгуроодо акча чогултууларга, майрамдарды кафе-ресторандарда өткөрүүгө тыюу салынганы боюнча талкуулар болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up