Алайдагы балдардын чыгармачылык борборунда отчеттук концерт коюлду (сүрөт)

Билим АКИpress - Алай районундагы балдардын чыгармачылык борборунда билим алып жаткан таланттуу балдардын бир жылдык отчеттук концерти болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага райадминистрациянын башчысынын орун басары Бактыбек Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарабидин Ибраимов, облустук балдардын чыгармачыл борборунун усулдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Турдубаева катышып, балдардын ийгиликтерине күбө болушту.

Мыктыларга райондук мамлекеттик администрациянын жана облустук балдардын чыгармачылык борборунун ардак грамоталары тапшырылды. Ар бир ийримдин катышуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда чыгармачылык борбордун директору Гүлнара Калдыбаева конокторду чыгармачыл мугалимдердин бөлмөлөрү менен тааныштырып, учурда айрым мугалимдердин иш тажрыйбалары облус боюнча жайылтылып жатканын белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up