Акыркы коңгуроо: Өкмөттүн Оштогу өкүлү У.Жылкыбаев Ноокаттагы мектепке эмне белек кылды (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ноокат районундагы Көк-Жар гимназия класстары бар инновациялык мектебинин акыркы коңгуроо салтанатына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, салтанаттуу иш-чарага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн чакан концерттик программалары тартууланды. Линейкада сөз сүйлөгөн У.Жылкыбаев келечек билимдүү жаш муундардын колунда экендигин жана билим бардык нерседен улуу экендигин белгиледи. Жыйынтыгында билим берүү мекемесине компьютердик техника, ал эми окуучуларга баалуу белектерди тапшырды.

Ноокат районунда 2018-2019-окуу жылында 11-классты 2 миң 30 бүтүрүүчү аяктап жаткан болсо, 9-классты 4 миң 26 окуучу аяктап жатат.

Жалпысынан акыркы коңгуроо салтанаты райондогу 113 билим берүү мекемесинде өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up