Бүтүрүүчү-2019: Лебединовкалык Асел Мамытова айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сомдук сыналгы менен сыйланды (сүрөт, видео)

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясынын 11-классынын бүтүрүүчүсү Асел Мамытова акыркы коңгуроо салтанатында айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сомдук сыналгы менен сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Венера Эгембердиева аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, А.Мамытова «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестатын алуу алдында турат.

«Окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн гимназияны быйылкы окуу жылында 34 окуучу бүтүрүп жатышат. Мектеп-гимназиянын материалдык-техникалык базасы ар тараптан чыңдалган. Окуу-тарбиялоо процессинде мугалимдер жаңы технологияларды колдонуп келишет. Жаңыча ой жүгүртүү, маалыматтык коммуникативдик технологияларды билгичтик менен пайдалануу гимназиянын мугалимдеринин күндөлүк жашоо образына айланган. Албетте, мындай жетишкендиктер гимназиянын директору, билим берүүнүн отличниги Асылкан Өмүрованын бай тажрыйбасын, жетик жетекчи жана өз кесибинин устаты экендигин тастыктап турат.

Бүгүнкү күндө аталган билим уясында 53 мугалим эмгектенсе, алардын ичинен 21 мугалим билим берүүнүн мыктылары. Демек, мындай сапаттык көрсөткүч мектепте жогорку жетишкендиктердин жаралып туруусуна негиз болот. Ата-энелер жана окуучулар бардык мугалимдердин эмгегин баалап келишет.

Гимназия райондогу алдыңкы мектептердин бири. Андагы усулдук аянтча, билим берүүдөгү долбоорлор менен иштөө эң жакшы жолго коюлган. Тактап айтканда, «Бирге окуйбуз», «Көп тилдүүлүк», «Инклюзивдик билим берүү», «Илим кыз» жана башталгыч класстарда «Менталдык арифметика» сыяктуу долбоорлор окуучу менен мугалимди тыгыз байланыштырат. Ошону менен бирге айыл өкмөттөр, бейөкмөт уюмдар, райондук сот жана автоунаа мектеби гимназия менен социалдык өнөктөштүктө болуп, анын туусун бийик желбиретип келет. Ал эми окуучулардын чыгармачылык жөндөмүн жогорулатууда вокал, комуз, кол өнөрчүлүк, хореография ж.б. ийримдер ар бир баланын өздүк МЕНин ачууга өбөлгө болууда. Волейбол, баскетбол боюнча спорттук мелдештерде Россиянын Новосибирск, Казакстандын Чымкент шаарларына чейин окуучулар беттешүүгө барып, байгелүү орундарды багындырышкан.

Гимназиянын жашоосу күн санап жаңылыктар менен коштолууда. Жакында КТРК тарабынан уюштурулган «Президент сүйлөйт» интеллектуалдык таймашында 11-класстын бүтүрүүчүсү Бегимай Айталиева баш байгени багындырса, бүтүрүүчү Асел Мамытова «Алтын тамга» тестирлөөсүндө өзүнүн мыкты экендигин көрсөтүп, бүгүнкү салтанатта Лебединовка айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сомдук сыналгы менен сыйланып отурат. Гимназияда мындай жетишкендиктер арбын», - деп айтып берди В.Эгембердиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up