Мугалимдер.kg Сыйлыктарга татыган акын-мугалим Махабат Матаипованын жолун окуучулары улантты (сүрөт)

Махабат Матаипова окуучулары менен
Махабат Матаипова окуучулары менен

Билим АКИpress - Махабат Матаипова — Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Б.Матаипов атындагы «Алашан» орто мектебинде англис тилчи мугалим. Ал бир катар сынактарда жеңишке жетишип, окуучулардын сый-урматына ээ болуп келет. Ошондой эле Ата Мекенге, сүйүүгө, достукка, жаратылышка, туугандык сезимге, энеге, балдарына арнап ырларды жазат. Ардактуу кесипти аркалаган мугалим тууралуу анын классташы Айчүрөк Эралиева айтып берди.

«Жыл сайын 25-май кирип келет. Бул күндөрү мен сөзсүз мугалимдик кесипти тандаган Махабат Матаипова классташымды эстейм. Бул жолу да эстедим, анан жөн отурбай мугалим классташым жөнүндө айтып берейин дедим.

Махабат окуучулук күндөрдө эле окууга дилгир, шайыр мүнөз, жапакеч кыз эле. Болочок мугалимдердин көбү эле ушундай мүнөз күтөт окшойт. Махабат Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетте англис тили факультетин аяктап, 1995-жылдан баштап өз айылындагы өзү окуган «Алашан» орто мектебинде англис тилинен сабак бере баштаган.

Жигердүү педагог катары мектепте окуучулардын дүйнө чабытын кеңейтиш үчүн кызыктуу сынактарды, иш-чараларды өткөрөт. Ал гана эмес, кесиптештери менен тажрыйба бөлүшүп, райондук, зоналык семинарларда ачык сабактарды өткөрүп келет. Эмгектери республикалык «Кут билим», «Мугалимдер дүйнөсү», «Билим жарчысы» гезиттерине басылып, кесиптештеринин ыраазычылыгына ээ болгон.

Окуучулары англис тилинен райондук, республикалык сынактарга катышып, жеңиштерге жетишип, сертификат, жолдомолорду алып келишүүдө. Мындай иштери жамааты тарабынан жогору бааланып, Махабат «Мыкты мугалим», «Мыкты класс жетекчи», «Мыкты кабинет башчысы» деген сыйлыктарга татыган.

Махабат Матаипова: «Сабак берчү бөлмөбүздү балдар үчүн кызыктуу кылып жасалгаладым. Буга туугандарым дагы жардам берди. Бөлөк, бизден алыс тилди балдарга үйрөтүү кыйын да. Көчөдө же кинодон уккан англис тилин кабылдоо бөлөк нерсе. Ал эми балага сабак катары өтүү – башка талап. Себеби ааламдашуу убагында англис тилин билгендердин келечеги кең болуп жатат. Тагдырын чечип да коюуда. Ошого карабастан, балдарыбыз улуттук каада-салтыбызды, кийимибизди, деги эле улутубуздун тилин-дилин жаштайынан урматтай, сүйө билиши керек. Ошондуктан, жакындарым менен классымдагы окуучуларга улуттук кийим тиктирип бергенбиз. Алар сулуулукту, маданиятты, өзүн алып жүрө билүүнү өздөштүрүшү да абзел. Мектепте «Мырза жигит», «Сулуулар» сынагын да уюштуруп калабыз. Муну менен катар ата-энелер менен балдардын, мектептин ортосундагы мамиле чыңдалышы үчүн «Атам, апам жана мен» аттуу мелдеш өткөрдүм. Буга баарыбыз катыштык», - деп кошумчалады.

Адатта кайсы мугалим сабагын жакшы өтсө, көңүлүн коюп, жүрөгүн салса, мектептеги окуучулар да ошол сабакты жакшы көрүп, кесибин, тагдырын да ошого байлашат эмеспи. Махабаттын дагы 7 окуучусу англис тили боюнча мугалимдикти тандап алган.

Махабат 5 баланын энеси, жолдошунун жароокер жары, курбуларынын кадырлуу досу. Ата Мекенге, сүйүүгө, достукка, жаратылышка, туугандык сезимге, энеге, балдарына арнаган ырлары да мугалимдердин гезиттерине жарыяланып, «Кыздар ай» ыр жыйнагына кирген.

Ал мени бир күнү чакырып калды. «Сен журналист эмессиңби. Балдар сени көрүп шыктансын, келип жолугуп кет, жакшы сөзүңдү аяба», - дейт. Макул дедим. Бөлмөдө көздөрү жайнаган окуучулар отурушат. Мен алардын ар бири менен тааныштым, ыр окудум. Байкаганым – окуучулар мугалиминин көзүн карап, терең урмат менен айтканын кунт коюп угушат экен. Алардын мугалимине кылган сый-урматын көрүп, классташымдан жада калса мен да сүрдөй баштадым. Анткени бүгүнкү күндө мугалим десе эле окуучудан акча сураган, окуучулары менен тирешкенге даяр окутуучуларды элестетип да калдык. Ошол сабактан кийин баягы, бала кезибиздеги мугалим деген урматтуу кесиптин кадырын келтирип жаткан сага окшогон күжүрмөн инсандардан уучубуз куру эмес экен деген ойго келдим», - деп айтып берди А.Эралиева классташы тууралуу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up