Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамганын» ээси болгон караколдук Элзада прокурор болууну көздөп жатат (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Каракол шаарынын №4 А.Ахматов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Элзада Жакшылыкова «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Элзада 2001-жылы 30-июлда туулган. Үй-бүлөдө 4 бир тууган. Ал кичинесинен китепке жакын өскөн. Ошондуктан эң баалуу белек деп китепти эсептейт. Үйүндөгү китептердин баарын окуп бүткөндүктөн, бош убактысынын көбүн китепканада өткөрөт. Достору да «Элзаданы издесең, китепканадан табасың» деп тамашалап калышат.

«Ч.Айтматовдун чыгармалары мени абдан таасирлентет. Чыгармаларынын арасынан «Кылым карытаар бир күн» романы мага чоң таасир берди. Ал романда караңгы жашоодо жашап, азыркы учурдагы глобалдуу маселелердин бири болуп жаткан телефон, бала ата-энеден алыс өскөндө кандай адам болору, дос ким экендиги жана эненин балага болгон сүйүүсү кенен чагылдырылат», - дейт ал.

Бүтүрүүчү адабият эле эмес, так илимдерге да кызыгат. Математика жана физика сабактары боюнча шаардык олимпиадаларда 1-2-орундарды камсыздаган. «Алтын тамга» аттестатына талапкер болуп, 4 сабактан тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырган.

«Тестке даярданууга эжейлерим чоң жардам беришти. Олимпиадаларга катышып жүрүп убакытты туура пайдаланууга, берилген суроону туура түшүнүүгө каныккам», - дейт Элзада.

Бүтүрүүчү учурда жалпы республикалык тестирлөөдөн да жогорку упай топтоону тилек кылып жаткан кези. Келечекте прокурор болгусу келет.

«Азыркы учурда адилеттүүлүк болбой жаткан заман. Мен ошол адилеттүүлүктү орнотуш үчүн прокурор болгум келет. Чындыкты, акыйкаттыкты коргоп, эркин мамлекетте жашоо — менин максатым», - деп айтып берди Элзада.

Каракол шаары боюнча «Алтын тамга» аттестатына 5 окуучу татыктуу болгон.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up