Жазгүл Бекбоева — Кочкор районунун эң мыкты мугалими (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Кочкордогу Ак-Жар орто мектебинин мугалими Жазгүл Бекбоева райондук «Жыл мугалими -2019» сынагында жеңүүчү деп табылып, Нарын облустук сынакка катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу аталган мектептин директору Жумгалбек Көчөкбаев билдирди.

Ж.Бекбоева Ак-Жар орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими болуп иштейт. Ошону менен бирге тарбия иштери боюнча уюштуруучу болуп да эмгектенет. Педагогикалык стажы — 10 жыл.

Ж.Бекбоева 1988-жылы 19-январда туулган. Мектепте эң жакшы деген бааларга окуп, мектебинин президенти болууга жетишкен. Ошондой эле «Манас жаштар» уюмунун төрайымы болгон. Окууну аяктагандан кийин Нарын мамлекеттик университетинин педагогика факультетинде билим алып, Ак-Жар орто мектебинин мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

«2009-жылы мектепке жаңы кирип, иштеп баштаганымда эле мектептеги классым жана окуучуларым менен иштөөдө жараткан ийгиликтерим үчүн Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлангам. Андан кийин жаш өспүрүмдөр менен иш алып барууда балдарга татыктуу тарбия берүүгө салым кошконум үчүн Кочкор райондук ИИБдин ардак грамотасы жана мектептин тарбия иштериндеги жетишкен ийгиликтерим үчүн Нарын облустук билим берүү бөлүмүнүн ардак грамотасы менен сыйлангам», - дейт мугалим ийгиликтери тууралуу.

Ж.Бекбоева үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up