Нарында «Жыл мугалими» жана «Мыкты мектеп» наамдарын ким жеңди? (сүрөт)

// Turmush

Билим АКИpress - Нарын шаарында облустук «Жылдын мыкты мектеби-2019» жана «Жылдын мыкты мугалими-2019» сынактары жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынактын облустук туруна райондордо жеңүүчү болгон мугалимдер катышып, өздөрүнүн билим берүүдөгү чыгармачылык иштерин көрсөтүштү. Жыйынтыгында «Жылдын мыкты мугалими-2019» сынагынын жеңүүчүсү деп Ак-Талаа районунун М.Баетов атындагы орто мектебинин мугалими Жанара Шерматова табылды.

2-орунду Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы орто мектебинин мугалими Элзат Асанкожоева жана Жумгал районундагы М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин мугалими Жумабек кызы Назира ээлешти.

3-орунду Кочкор районунун Ак-Жар орто мектебинин мугалими Жазгүл Бекбоева менен Нарын районунун Омор уулу Кожоке атындагы орто мектебинин мугалими Венера Кожобекова камсыз кылышты.

Ал эми «Жылдын мыкты мектеби-2019» сынагында 1-орунду Кочкор районунун К.Мамбеталиев атындагы орто мектеби багындырды. 2-орунга Жумгал районундагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясы жана Нарын районунун Ж.Иманалиев атындагы орто мектеби чыкты. 3-орун Ак-Талаа районунун Б.Календеров атындагы орто мектеби менен Нарын шаарынын Э.Ибраев атындагы мектебине ыйгарылды.

Жеңүүчүлөргө Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун тиешелүү даражадагы дипломдору тапшырылды. Ал эми 1-орунду ээлегендерге Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up