Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамганын» ээси болгон Аслан Лихор укмуштуудай сүрөт тартат

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Лихор Аслан Нарынбекович мектепти «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Асландын мугалими Анара Жусупова билдирди.

«Аслан информатика сабагынан райондук олимпиадада 3 жыл катары менен 1-орунду алып келди. Ал өзү боорукер, оор басырыктуу, эч кимден жардамын аябаган, эмгекчил бала. Мектептеги иш-чаралар ансыз өтпөйт, анткени ал — ар кандай салтанаттардын алмаштырылгыс алып баруучусу. Биз анын келечегинен көптү үмүт кылабыз. Биз ушундай мыкты баланы тарбиялаган атасы Нарынбек Лихорго жана апасы Мира Ибрагимовага ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Асландын апасы ушул эле мектепте орус тили жана адабияты сабагынан билим берет.

Аслан келечекте архитектор болгусу келет. Ал мектепте окуп жүргөндө эле укмуштуудай сүрөттөрдү тартчу», - деп айтып берди ал.

Аслан Лихор үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up