Жалал-Абад шаарында 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатын алышат

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарында 5 бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алышат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айнура Маданова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, «кызыл» аттестат үчүн 33 окуучу күч сынашкан.

«Алтын тамга» тестирлөөсү май айынын башында башталган. Ага шаар боюнча 33 окуучу катышкан. Негизинен тестке жалаң «5» деген баага окуган окуучулар катыша алат, алардын санына чектөө жок. Жыйынтыгында 5 бүтүрүүчү өз билимин далилдешти. Аларга жакында «Алтын тамга» аттестаты тапшырылат.

Артыкчылык аттестатына ээ болгон окуучулар мамлекеттик сынактардан автоматтык түрдө бошотулат», - деди А.Маданова.

Жалал-Абад шаары боюнча «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын №14 С.Давлетов атындагы орто мектебинин 4 окуучусу жана Курманбек баатыр атындагы балдар лицейинин 1 бүтүрүүчүсү алат.

Жалал-Абад шаарында 20 мамлекеттик, 7 жеке менчик мектеп бар. Алардан 513 окуучу 11-классты, 1 миң 527 окуучу 9-классты аяктады. Жалпы 465 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп, сертификаттарын күтүп жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up