Түптөгү мыкты окуучулар өкмөт өкүлүнөн сыйлык алышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү бүтүрүү кечесин уюштуруп, ага Түп районунан окуу жана спорт тармагында мыктылыгын көрсөткөн 3 окуучу мугалимдери менен катышып келишти. Бул тууралуу район акиминин орун басары Э.Дүйшөбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Талды-Суудагы М.Элебаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү тогуз коргоол боюнча спорттун чеберлигине талапкерлер Нургиза Чыңгызова менен Элдияр Айбеков, мугалими Канат Кендирбаев жана Чоң-Таш айылынын С.Королиев атындагы мектептин бүтүрүүчүсү, «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын жеңүүчүсү Роза Исмаилова, мугалими Ракымбек кызы Гүлира өкмөт өкүлүнүн колунан грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды алышты. Мындан тышкары, райондук жетекчиликтин жана демөөрчүлөрдүн белектерине татыктуу болушту», - деди Э.Дүйшөбаева.

Райондук, облустук жана республикалык жыл жыйынтыгы боюнча «2018-жылдын мыкты машыктыруучусу» наамынын ээси, тогуз коргоол боюнча КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Канат Кендирбаев тогуз коргоолчу окуучуларды алдыда кандай оюндар күтүп турганы тууралуу айтып берди.

«19-июнь күнү өтө турган «Дени сак улут — өнүккөн өлкө» мелдешине 4 кыз, 4 баланы, Каракол шаарынын 150 жылдыгына карата 4-8-июлда өтө турган мелдешке резервдеги балдарды даярдап жатам», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up