Ак-муздук окуучулар жайлоодо 5 күн эс алышты (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Ат-Башы районундагы Богачы орто мектебинин 60 окуучусу Босого жайлоосунда 5 күн эс алып кайтышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, эс алуу айыл тургуну Умар Дүйшөналиевдин демөөрчүлүгү менен уюштурулду.

Окуучулар 5 күн ичинде китеп окушуп, ар кандай спорттук оюндарды уюштурушту. Бул убакыт аралыгында алар 7-8ден китеп окууга үлгүрүштү. Ошондой эле агай-эжейлери менен бирге жаратылыш менен таанышып, эсте каларлык күндөрдү өткөрүштү. Андан сырткары, 3 топко бөлүнүп, ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүшүп, жайлоодогу эс алуучуларга концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up