Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Борбордук Азия университетинин Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага БАУнун жетекчилиги, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты. Бийлик өкүлдөрү бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, ийгиликтерди каалоо менен бирге сертификаттарды тапшырышты.

2018-2019-окуу жылында мектепти 100 окуучу 12 тармактагы программалар боюнча окуп бүтүрүштү. Тактап айтканда: жогорку эл аралык окуу жайга даярдоо, бухгалтерия, жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо, менталдык арифметика, немис, орус, англис тилдери, ишкердүүлүк, компьютердик сабаттуулукка үйрөнүштү.

Бүтүрүүчүлөр ишкердүүлүк программасынын алкагында кенже тайпалардын жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө менен таанышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up