ЖРТ-2019: Кадамжай «Семетей» лицейинин 4 бүтүрүүчүсү жогорку упай топтоп, өлкө боюнча 1-орунга чыкты (аты-жөнү)

// АКИpress

Билим АКИpress - Кадамжай «Семетей» лицейинин 4 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтоп, «алтын сертификатка» ээ болуу алдында турат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү — Жеңишбек уулу Талантбек 231 упай, Маликов Сабырбек 226 упай, Салаев Кутманбек 223 упай, Сайпидин уулу Асан 221 упай топтоп, лицей куржунуна 4 «алтын сертификат» салышты.

Ошондой эле лицейдин 2017-2018-окуу жылындагы бүтүрүүчүсү Сыдыгали уулу Жаныбек 229 упай топтой алды.

Муну менен Кадамжай «Семетей» лицейи жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкөдө 1-орунга чыкты.

Ал эми Жеңишбек уулу Талантбек топтогон упайларынын саны боюнча республикадагы бүтүрүүчүлөр арасында 4-орунда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up