Кыргызстандын бардык аймактарында «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштеп баштады

Билим АКИpress - Кыргызстандын тоолуу райондорунда «Жайлоо өнүгүү борборлору» өз ишин баштады. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунан билдиришти.

Иш-чара аталган фонд тарабынан демилгеленген. Учурда 7 дубандагы тоолуу райондордо 100дөн ашык балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө багытталган «Жайлоо өнүгүү борборлору» иштеп жатат.

Маалым болгондой, Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Үкөк жайлоосундагы «Ата-бала» жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына райондук администрациянын башчысы — аким, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана ата-энелер катышты.

«Учурда жайлоо өнүгүү борборунда 28 бала тарбияланып, аларга ар кандай мастер-класстар өтүлүүдө. Билим берүү башкармалыгы тарабынан балдарга көптөгөн китептер берилди. Айыл өкмөтү балдардын жана тарбиячылардын тамак-аш маселесин чечип бермей болду», - деп билдирди райондук билим берүү бөлүмүнүн бала бакчалар боюнча адиси Чынара Табылдиева.

Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов «Балдарга китеп окуйбуз» акциясын колдоп, балдарга жомок окуп берди.

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кайнама жайлоосундагы «Нур үлгү» жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына шаардан жайлоого эс алууга келген балдар да кошулуп, ата-энелер тарабынан жомок коюлуп, өзгөчө шаң менен ачылды.

Мастер-класстарды элден чыккан кол өнөрчүлөр өтүүдө, алардын бири — Көтөрмө айылынын тургуну Бактыгүл Эралиева. Ал өз каалоосу менен өнүгүү борборуна жардам көрсөтүп, балдар-кыздарга тогуз коргоол, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстарды өтүүдө.

Жайлоолордо ачылып, иштеп баштаган «Жайлоо өнүгүү борборлору»:

Облус, район

Жайлоо, ЖӨБ

Ачылган күнү

Ат-Башы району

Арпа жайлоосу, “Казыбек-Жеткинчек” ЖӨБ

1-июнь

Нарын облусу, Ат-Башы району

Кара-Булак жайлоосу, “Кембил булагы” ЖӨБ

3-июнь

Кара-Кулжа району, 1-май айылы

Ак-Таш жайлоосу, “Сейил” ЖӨБ

3-июнь

Кара-Кулжа району

Бөрүкөрбөс жайлоосу, “Кызыл-Булак” ЖӨБ

5-июнь

Кочкор району

Ата-Бала” ЖӨБ

7-июнь

Нарын облусу, Нарын району

Р.Өмүракунова атындагы ЖӨБ

8-июнь

Нарын району

Эмгекчил келечеги” ЖӨБ

8-июнь

Нарын облусу, Ат-Башы раойну

Арпа Кереге саз жайлоосу

10-июнь

Нарын району, Эмгекчил айылы

Кара-Бүк жайлоосу, “Эмгекчил келечеги” ЖӨБ

10-июнь

Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы

Босого жайлоосу, “А.Шадыбеков” ЖӨБ

10-июнь

Алай району

Гүлкайыр” ЖӨБ

7-июнь

Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы

Шалыбеков Аман атындагы ЖӨБ

10-июнь

Ат-Башы району

Талаа-Булак жайлоосу, “Нур Шоола” ЖӨБ

10-июнь

Нарын облусу, Ат-Башы району

Сезимтал” ЖӨБ

11-июнь

Нарын облусу, Нарын району

Үч чат” ЖӨБ

12-июнь

Базар-Коргон району

Кең-Кол” жайлоо лагери

12-июнь

Кара-Кулжа району, 1-май айылы

Жулгур” ЖӨБ

12-июнь

Ат-Башы району

Таш-Рабат жайлоосу “Нур-Шоола” ЖӨБ

12-июнь

Ат-Башы району

Босого жайлоосу “Баш-Кайыңды” ЖӨБ

12-июнь

Чаткал айыл, аймагындагы Курулуш айылы

Бала Нур” ЖӨБ

13-июнь

Ат-Башы району

Ак-Сай жайлоосу, “Тамчы булак” ЖӨБ

14-июнь

Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району

Кызыл-Үнкүр айыл өкмөтү “Кен-Кол” эки эко лагер ЖӨБ

18-июнь

Нарын облусу, Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылы

Сандык” ЖӨБ

15-июнь

Ат-Башы району, Ак-Моюн айылы

Терек-Саз жайлоосу, “Тамчы-Булак” ЖӨБ

15-июнь

Кочкор району,

Ата-бала” ЖӨБ

15-июнь

Нарын району ЖӨБ

Соң-Көл жайлоосу, “8-март”, “Баластан”

15-июнь

Ош облусу, Кара-Кулжа району

Ажике жайлоосу, “Ажике” жана “Күн балдары” ЖӨБ

15-июнь

Нарын облусу, Ак-Талаа

Соң-Көл жайлоосу, “Бөбөктай” ЖӨБ

15-июнь

Ат-Башы району, Терек Суу айылы

Муса кызы Бейшегүл ЖӨБ

15-июнь

Ош облусу, Өзгөн районуна караштуу Кочкор-Ата айылы

Кочкор-Ата” ЖӨБ

17-июнь

Кадамжай району

Кут-Ордо” жана “Алыш” ЖӨБ

17-июнь

Нарын облусу, Жерге-Тал айылы

Бала киндик жайлоосу, Р.Өмүракунова атындагы ЖӨБ

17-ииюнь

Кара-Кулжа

Кара-Булак” ЖӨБ

17-июнь

Ат-Башы району

Балтаалы жайлоосу, “Дисней” ЖӨБ

18-июнь

Кочкор району

Аруузат” ЖӨБ” 22-июнда,

20-июнь

Жети-Өгүз району

Көк-Жайык жайлоосу, “Арча” ЖӨБ

20-июнь

Ноокат району

Кара-Кой” ЖӨБ

20-июнь

Кочкор району

Баластан” ЖӨБ

22-июнь

Кочкор району

Наристе” ЖӨБ

25-июнь

Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району,

Баластан” ЖӨБ

1-июль

Алай району, Сары Могол айылы

Бооке жайлоосу, “Гүлбурак” ЖӨБ

1-июль

Токтогул району, Сары-Камыш айыл өкмөтү

Жан-Балам” жана “Ай-бөбөк” ЖӨБ

1-июль

Манас району

Суусамыр жайлоосу, “Бакыт” ЖӨБ

1-июль

Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району

Башарин жайлоосу, “Заря” ЖӨБ

5-июль

Ак-Суу району

Эки ЖӨБ ачылат.

5-июль

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up