Бүтүрүүчү-2019: «Алтын сертификаттын» ээси болгонун укканда түнү бою уктабай чыккан Нурайым (сүрөт)

Нурайым Доктурбекова
Нурайым Доктурбекова

Билим АКИpress - Талас районунун Көк-Кашат айылындагы А.Огонбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Нурайым Доктурбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн 221 упай топтоп, «алтын сертификаттын» ээси болду. Аймактык кабарчы Нурайым жана анын ата-энеси менен таанышты.

Нурайым башталгыч класстан бери мыкты окуучулардын катарын толуктайт.

«2018-2019-окуу жылында «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына талапкер болуп, бирок ага 2 упай жетпей калды. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданганда Таластагы окуу борборго барып, 10 күн окуп, ЖРТ боюнча түшүнүк алдым. Башка учурларда үйдөн даярданып жүрдүм.

ЖРТнын жыйынтыгы чыгарына саналуу күндөр калганда мага Бишкектен телефон чалып, менин колум туура эмес коюлуп калганын айтышты. Анын үстүнө, мен тест тапшырууга барганда ооруп турган элем, «сүрөтүң менен азыркы абалың дал келбейт экен» деп, көп кыйынчылыктар жаралган. Буларды угуп алып, «мен тапшырган тест жараксыз болуп калабы?» деп ойлонуп калдым. Менден улуу байкеме айтсам, «сенин упайларың көп болсо керек, болбосо мынча тактабайт болчу» деп жубатып койду. Бир жагынан ал сөзгө ишене түштүм.

Мен 180 упай алам деп ойлоп жаткам. Класс жетекчим Сайкал эже «алтын сертификаттын» ээлери тууралуу шилтеме жибергенде жанымдагы курбу кызымдын атын издеп жатып, арасынан Доктурбекова Нурайым дегенди окуп калдым. Өзүмө-өзүм ишенбей, башкача болдум. Келип эле ата-энеме айтсам, алар менден аша кубанып, куттуктап башташты. Эртеси эртең менен мектепке келгенче шаштым. Качан гана колума сертификатты алганда чындап эле мен 221 упай менен «алтын сертификаттын» ээси болгонума ишендим.

Мен буга чейин медицина кызматкери болууну кыялданчумун, бирок бул «алтын сертификат» менин оюмду өзгөртүп койду. Заман талабына жараша кесиптин ээси болууну максат кылып жатам», - дейт Нурайым.

Бүтүрүүчү ата-энесине жана А.Огонбаев атындагы мектептин жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Нурайымдын атасы Доктурбек кызынын билимге болгон умтулуусу күчтүү экенине токтолду. «Нурайым 4 бир туугандын кичүүсү. Өзү билимге жан дили менен берилип, коомдук иштерге активдүү катышкан дилгир кыз. Кичине классында үйгө берилген тапшырманы мектептен окуп келчү. Баарынан да мен кызымдын убакытты туура пайдаланганына ыраазы болуп отурам, өзүн эч нерседен чектеген жок. Мектептен келип, апасына үй жумуштарын бүтүрүүгө жардам берип коюп, түн бир оокумга чейин ЖРТге даярданды. Буйруса, алдыда жакшы кесипти тандайт деп ишенем», - деди бүтүрүүчүнүн атасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up