ЖРТ-2019: Айжаркын Ленарова – Нарын району боюнча эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчү

Айжаркын Ленарова
Айжаркын Ленарова
// АКИpress

Билим АКИpress - Нарын районунун М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Айжаркын Ленарова жалпы республикалык тестирлөөдөн 203 упай топтоп, район боюнча 1-орунга чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айжаркын ЖРТга 2 жылдан бери даярдык көрүп келген. Быйыл физика сабагы боюнча облустук олимпиадада 1-орунду ээлеп, республикада байгелүү орунду камсыз кылган. Ал келечекте экономист болууну каалайт.

Бүтүрүүчү жакшы билим алууга шарт түзүп берген ата-энесине жана мугалимдерине ыраазычылыгын билдирип, алардын эмгегин актаган инсан болууга аракет кыларын айтты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up