ЖРТ-2019: Баткен районунда 633 бүтүрүүчү тест тапшырды (көрсөткүч)

Билим АКИpress - Баткен районундагы жалпы билим берүүчү мектептерден жалпы республикалык тестирлөөгө 934 бүтүрүүчүнүн ичинен 633 бүтүрүүчү (67,7%) катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ЖРТга катышкандардын арасынан 375 бүтүрүүчү (59,2 %) босого упайдан (110) жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Өткөн окуу жылында бул көрсөткүч 50,2% болгон.

Ошондой эле быйыл 29 окуучу 170тен жогорку упай алышты. Өткөн окуу жылында мындай упайды 20 окуучу топтогон.

Быйыл Баткен районунда эң жогорку упай 202 болду. Мындай упайларды Т.Садыков мектебинин жана С.Кожобаева атындагы Самаркандек гимназия-жатак мектебинин окуучулары алышты. Өткөн окуу жылында Газ орто мектебинин 1 окуучусу 202 упай топтогон.

«Алтын тамга» артыкчылык аттестатына 4 мектептен 5 окуучу татыктуу болушту. Өткөн окуу жылында «Алтын тамганы» 1 гана окуучу алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up