Аламүдүндөгү 35 мектепте 1001 окуучуга жайкы лагерь уюштурулду

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 35 мектепте 1001 окуучуга жайкы лагерь уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, республикалык бюджеттен 12 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 48 миң 935 сом, «МерсиКо» долбоору тарабынан 5 миң 740 сом жана ата-энелер тарабынан 85 миң 750 сом бөлүнүп, окуучуларга ысык тамак берүү каралган.

«Жогорку зонадагы мектептердин окуучуларына «Ата-Бейитке», Бурана мунарасына жана башка кооз жерлерге экскурсия уюштурулса, ортоңку зонанын окуучуларына Бишкек шаарындагы маданий имараттарга жана музейлерге саякат, төмөнкү зонадагы мектептердин окуучуларына тарыхый жерлерге, табиятка экскурсия уюштурулду. Ошондой эле балдардын талантын өркүндөтүү максатында кол эмгек, менталдык арифметика, «лэго», спорттук, квиллинг, бий жана башка ийримдер өз ишин алып барды», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up