Төмөнкү Ала-Арча мектебинин 2 бүтүрүүчүсү ЖРТдан жогорку упайларды топтоду

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча райондо жогорку көрсөткүчкө жетишти. Тактап айтканда, бүтүрүүчүлөр — Каныкей Суранова 214 упай жана Карлыгач Нуркалиева 209 упай топтошту. Бул тууралуу аталган мектептин директору, билим берүүнүн мыктысы Нурия Жетимишбаева аймактык кабарчыга айтып берди.

«Үстүбүздөгү окуу жылын бир топ жетишкендиктер менен аяктадык. Бүтүрүүчүлөрүбүз Каныкей Суранованын 214 упай, ал эми Карлыгач Нуркалиеванын 209 упай алганы мектептин билим сапатынын көрсөткүчүн аныктайт.

Билим уясынан 75 бүтүрүүчү канат какты. Аларга ак жол каалап, мектептен узаттык. 75 мүнөз, тагдыр турмуш сапарына аттанды. Билим жолун улоо, күн сайын адам болуу идеялары ар тараптан жаңырды. 11 жыл окуп, билим-тарбия алган мекенине ар убак келип турууну бүтүрүүчүлөр убада кылышып, айрымдары «аз болсо да маянам, акылыма таянам» деген мугалимдердин катарына келип, бул кесипти аркалай тургандыгын айтышты.

Аттестат тапшыруу аземинде бүтүрүүчүлөр — Камчыбек уулу Бексултан, Абылкасымов Тимурлан жана Каримжанов Бексултан иш-чаранын катышуучуларына ыр десте тартуулашты. Алар гитарада кол ойнотуп, патриоттук ырларды ырдашты», - деп айтып берди Н.Жетимишбаева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up