Ноокаттагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Ноокат районундагы 81 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Давранбек Маматалиев, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акуш Асанбаев «Ноокат билимканасы» лицейинин бүтүрүүчүлөрү менен жолугушту. Жолугушуу учурунда аким лицейдин бүтүрүүчүсү Самара Акылбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоп, «алтын сертификатка» ээ болгонун, бул райондо билим берүү сапатын жогорулатуудагы аракеттин натыйжасы экендигин баса белгилеп өттү. Ошондой эле келечек билимге умтулган, билимге ээ болгон жаштардын колунда экендигин билдирип, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы ЖРТнын жыйынтыгы менен райондо 15 бүтүрүүчүнүн упайы 200дөн жогору болгонун билдирди. Алар: «Ноокат билимканасы» лицейинен 7 бүтүрүүчү, М.Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясынан 2, А.Парпиев атындагы гимназиядан 2, М.Кудайбердиев атындагы лицейден 1, Т.Айбашев атындагы орто мектебинен 1 жана «Маданият» орто мектебинен 1 бүтүрүүчү.

Ноокат районундагы жалпы орто билим берүүчү 81 мекемени 2 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up