Бүтүрүүчү-2019: «Алтын тамганын» ээси Ширин Сеитбековага айыл өкмөт башчысы 5 миң сом тапшырды

// Turmush

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбия комплекс гимназиясынын бүтүрүүчүсү, «Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси Ширин Сеитбековага айыл өкмөтү 5 миң сом акчалай сыйлык берди. Бул тууралуу аталган гимназиянын директору, билим берүүнүн мыктысы Лира Сыдыкова аймактык кабарчыга айтып берди.

Сыйлыкты аттестат тапшыруу аземинде Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Бөкөмбаев өз каражатынын эсебинен тапшырды.

Л.Сыдыкованын айтымында, мектепти 58 бүтүрүүчү аяктап, аттестатка ээ болушту. Алардын ичинен Ширин Сеитбекова «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болду.

«Окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн мектебибизде жыл санап жетишкендиктер жаралып келет. Албетте, мындай жетишкендиктер — мугалимдердин чыгармачылык изденүүсүнүн натыйжасы. Балага билим-тарбия берүүдө жаңыча инновациялык табылгалар менен иштөө керектиги, ошондо жаңы идеялар жарала тургандыгы, аны ишке ашыруунун педагогикалык-методикалык механизмдери ачыктала тургандыгы салтанатта айтылды», - деди директор.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up