Аламүдүндүк 40 окуучу Ысык-Көлдөгү лагерге акысыз эс алууга кетишти

Билим АКИpress - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы 40 окуучу Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы лагерге акысыз жолдомо алып, эс алууга кетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

«Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы лагерге 40 окуучуга жолдомо бөлүп беришти. Бир жолдомонун баасы — 5 миң 400 сом, жалпы 216 миң сомго окуучулар бекер эс алганы кетишти. Эс алуу 24-июндан 3-июлга чейин созулат», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up